Тег Германиянын

Кыргызстан менен Германиянын нотариалдык палаталары кызматташуу боюнча келишим түзүштү

Кыргызстандын Нотариалдык палатасы менен Германиянын Федералдык Нотариалдык палатасынын ортосунда эки тараптуу нотариалдык мамилелерди чыңдоо жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду. Иш-чарага эки өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.

Эрфуртта «Кыргыз кызы» скульптурасы пайда болду

Эрфурт шаарында кыргыз жаштарынын билимге болгон умтулуусун билдирген “Кыргыз кызы” скульптурасынын ачылышы менен “Чет элдик жаштарды тосуп алуу күнү” өттү. Иш-чарага Тюринг өкмөтүнүн, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана студенттер чогулуп, квалификациялуу кадрларды даярдоодо кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилешти. «Советтик Кыргызстандын кызы» деген картинадан шыктанган скульптура жацы мумкунчулуктердун жана аялдардын коомдогу активдуу ролунун символу болуп калды.

Германиянын туризм ассоциациясынын делегациясы Ош шаарында болду

Ош шаарында биринчи вице-мэр Марс Исаев менен Германиянын туристтик ассоциациясынын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Туризмди өнүктүрүүнүн келечеги жана германиялык туристтерди тартуу үчүн форумдарды уюштуруу талкууланды. Аймактагы туризм тармагын модернизациялоо боюнча биргелешкен иш-чаралар тууралуу макулдашууга жетишилди.

Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту

Нью-Йорктогу саммитте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолугушту. Экономика, инвестиция жана билим берүү тармагында кызматташууну тереңдетүү маселелери, ошондой эле климаттык күн тартиби жана аймактык демилгелер талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Астанада өтүп жаткан Германия-Борбор Азия саммитинде сөз сүйлөдү

Астанада өтүп жаткан Германия-Борбор Азия саммитинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Германия менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал аймактын стратегиялык маанисин, климаттын өзгөрүшүнө каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгын белгилеп, Бишкек шаарында энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча Регионалдык борбор түзүү демилгесин көтөрдү. Ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатууга жана туруктуу өнүгүүсүнө алып келе турган коопсуздук, экономикалык интеграция жана маданий өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Кыргызстандык Солингендеги фестивалда болгон кыргындан кийин суракка алынды

Золингендеги "Ар турдуулук фестивалдары" учуру болгондо болгон кол салуудан киин эмнемис полиси 15 жаштагы кыргызстандык оспурумду суракка алды. Окуянын натыйжасында уч киши каза болуп, сегиз киши жаракат алды. Тийиштүү органдар өспүрүмдү күбө катар кармап, киин бошотушту.