Жыл аягына чейин Кыргызстанда алты жаңы чакан ГЭС ачылат
Кыргызстанда энергетикалык долбоорлор активдүү өнүгүп жатат: чакан ГЭСтер ишке киргизилди, CASA-1000 долбоору аяктады, Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жана Бишкек ТЭЦин модернизациялоо уланууда. Акылбек Жапаров Камбар-Ата ГЭС-1 өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгы жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу үчүн маанилүү экенин белгиледи.