Тег гимндин өзгөрүшү

Президенттин басма сөз катчысы: Гимндин өзгөрүшү мүмкүн деп чочулоого эч кандай негиз жок

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов гимнге өзгөртүү киргизүү тууралуу айтып, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин мындай пикирине олуттуу мамиле жасоого болбойт деди. Коомдо гимндин темасын талкуулоо күч алды, бирок ар кандай өзгөртүүлөр жаңы текст жана музыка үчүн ачык сынакты талап кылат. Алагөзов элдин колдоосу болбосо, демилге ишке ашпай турганын баса белгиледи.