Фитосанитардык иш-чараларды автоматташтыруу жана документтерди электрондук алмашуу үчүн «PhytoKG» мамлекеттик маалымат системасы ишке киргизилди. GIZ колдоосу менен иштелип чыккан система сертификацияны жана контролду жакшыртат, ошондой эле Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн тездетет. Коммерциялык ишке киргизүү 2025-жылдын 1-мартына пландаштырылган.
Кыргызстандын судьяларынын делегациясы Астанада административдик укук боюнча XV эл аралык конференцияга катышып, заманбап чакырыктарды жана административдик сот адилеттигин өнүктүрүү маселелерин талкуулоодо. Жогорку Соттун Төрагасынын орун басары Нургүл Бакирова Административдик-процесстик кодекстеги объективдүү изилдөөнүн жаңы принцибине токтолуп, сотторду иштердин бардык фактылык жагдайларын эске алууга милдеттендирди.
Бишкекте Жооптуу банк принциптеринин академиясы ачылды, анын максаты дүйнөлүк Туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык Борбор Азия банктарын колдоо болуп саналат. Академия туруктуу банк ишинин негиздери, климаттын өзгөрүшү жана жетекчилер үчүн жоопкерчилик боюнча тренингдерди сунуштайт, бул жашыл демилгелерди ишке ашырууга жана биздин замандын чакырыктарына ыңгайлашууга жардам берет.
Инвестиция Тартуу Үчүн BIF 2024 форуму катышуу мүмүкүнчүлүгү пайда болду. 24-октябрь отучу форумда 100 мыкты долбоор сунушталат. Катышуучулар їчїн финанстык колдоо, бизнес байланыштарын кенейтїї жана долбоорлорун таанытуу мумкунчїлїгї берилет. Ар бир ишкер анкета толтуруп, документтердин берилиши керек. Арыз кабыл алуу 15-сентябрь чеин.