Буга чейин мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен "Звездочка" жеке мектеп комплексинин 1 миллиард 600 миллион сомдук имаратын мамлекет кайтарып алды. Бул Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин социалдык инфраструктуралык объектилерди кайтаруу боюнча жүргүзгөн ишинин аркасында мүмкүн болду. Билим берүү мекемеси мындан ары да ижара келишими менен иштей бермекчи.
Бишкекте мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 948 миллион сомдук бала бакча мамлекетке кайтарылды. Аталган объект 1993-жылы мыйзам бузуулар менен менчиктештирилип кеткен. Мыйзам бузууларды аныктаган соң үй ээлери өз ыктыяры менен имаратты кайтарып беришкен.
1-сентябрь "Жал" кичи районундагы "Батуми" кафесинин ордунда жаны "Муун" сейил бактары ачылды. Парк 0,4 гектар аянтты ээлеп, балдар оюн аянтчасы, машигуу зонасы жана эне-бала болмосун камтыт. Кыргыз стилинде жашалган парктын дизайны улуттук иденттүүлүктүү көрсөтүп, келгендерге ынгайлуу атмосфера түзөт.