
Кыргызстанда электр энергиясын веердик өчүрүүлөр болбойт – Ташиев
Кыргызстанда электр энергиясын веердик өчүрүү пландалбайт. Бул тууралуу өкмөт башчысынын орун басары Камчыбек Ташиев билдирген. Ал Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээлинин төмөндөөсүнө карабастан, өлкө жылуулук сезонуна туруктуу өтөөрүн жана электр энергиясын үнөмдөө зарылдыгын белгиледи.








