Кулубаев БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдоого чакырды
БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев эл аралык чыңалууну эртерээк басаңдатууну жана Кеңешти реформалоону жактап, Африка өлкөлөрүнүн өкүлдөрүн көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. Кыргызстан 2027-2028-жылдарга Кеңештин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары Кеңештин курамындагы тарыхый адилетсиздикти жоюуга чакырып, глобалдык чакырыктарды чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр.