Тег Глобус

Бишкекте «Глобус» гипермаркети жемиштерди дихлофос менен иштеткени үчүн айыпка жыгылды.

Бишкек шаарында жайгашкан «Глобус» гипермаркетинде жемиштер дихлофос менен иштетилген деген маалыматтан кийин санитардык көзөмөл борбору текшерүү жүргүзүп, мыйзам бузууларды аныктады. Гипермаркетке 23 000 сом айып салынды, ал эми жооптуу кызматкер иштен бошотулду. Бардык жемиштер жана жашылчалар сатыктан алынды. Санитардык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө улантылат.

Бишкекте бир нече курулуш компанияларына айып пул салынды

Бишкекте муниципалдык инспекция санитардык нормаларды бузуп, таштандыларды мыйзамсыз таштаган бир нече курулуш компанияларына айып пул салды. «Глобус Строй» жана «Кап Строй Групп» компанияларынын ар бири 13 миң сомдон, «Аалам Строй» 40 миң сомдон айыпка жыгылды. “Ала-Тоо Партнер Строй” ишканасы да уруксааттардын жоктугу үчүн жазаланды. Инспекция ишканаларды жашылдандыруу жана санитардык талаптарды сактоого чакырат.