Кыргызстанда бир жумада 19 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
Кыргызстанда 11-ноябрдан 17-ноябрга чейин 19 миң 508 жол эрежесин бузуу фактысы катталды, анын ичинен 1180и документи жок, 287си мас абалында унаа башкарган. Ошондой эле 3243 ылдамдыкты бузгандыгы аныкталган. Камакка 1678 унаа коюлган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы жол эрежесин сактоого чакырат.