Аламүдүн районунда курал-жарак жана ок-дарылар сакталган кампа табылды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда курал-жарактардын, анын ичинде граната, тапанча жана ар кандай калибрдеги ок-дарылар сакталган жай табылды. Учурда кылмыш иши козголуп, кылмыштуу топторго тиешеси барларга издөө иштери жүрүп жатат.