Тег Громада

Минск шаарында кыргыз киносунун күндөрү өттү

Минск шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргыз киносунун күндөрү ачылды. Фестиваль белорус көрүүчүлөрүн кыргыз киносу жана маданий салттары, анын ичинде элдин турмушу жана мурасы тууралуу тасмалар менен тааныштырат. Программада «Бейиш энелердин таман астында», «Эсимде» сыяктуу фильмдер керсетулет. Кино күндөрү жуманын аягына чейин уланып, Кыргызстан менен Беларустун маданий байланыштарын чыңдоого көмөктөшөт.

Минск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү башталды

Минск шаарында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган Кыргызстандын маданият күндөрү башталды. Ачылыш Улуттук сүрөт музейинде болуп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий алмашуунун маанилүүлүгүн чагылдырган кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү болду.