Тег group

Президент Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борборду ачты

Президент Садыр Жапаров Ош облусунда 40 миллион долларлык жеке инвестициянын эсебинен түзүлгөн “Евро Азия Групп” индустриалдык-логистикалык борборун ишке киргизди. Аталган борбор жылына 1 миллион даана тигүү буюмдарын чыгарып, 600 жумуш ордун түзүп, аймактын экономикасын жана инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошот.

KG Групптун негиздөөчүсү Имамидин Ташов өзүнө атайылап залал келтирген – УКМК

«KG Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташов өзүнө көңүл буруу үчүн СИЗОдо атайылап жаракат алган. Анын абалы туруктуу, бирок далилдерге карабай кыйноолорду четке кагууда. Ташов башка СИЗОго которулду.

Улуу Британияда сезондук жумуштарда иштеген кыргызстандыктар киреше салыгын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Empirica Group компаниясы Кыргызстандын жарандарына Улуу Британиядан ашыкча төлөнгөн киреше салыгын өндүрүп алууга жардам берүү боюнча келишим түзүштү. Келишим акыркы 5 жылдын салыктарын кайтарууга мүмкүндүк берет жана процесс 9 айга чейин созулушу мүмкүн.

Бишкекте бир нече курулуш компанияларына айып пул салынды

Бишкекте муниципалдык инспекция санитардык нормаларды бузуп, таштандыларды мыйзамсыз таштаган бир нече курулуш компанияларына айып пул салды. «Глобус Строй» жана «Кап Строй Групп» компанияларынын ар бири 13 миң сомдон, «Аалам Строй» 40 миң сомдон айыпка жыгылды. “Ала-Тоо Партнер Строй” ишканасы да уруксааттардын жоктугу үчүн жазаланды. Инспекция ишканаларды жашылдандыруу жана санитардык талаптарды сактоого чакырат.

Ак-Кула ипподромунун ордунда жаңы кичи район пайда болот

Бишкек шаардык кеңеш "Ак-Кула" ипподромунун түз сатуу жолу менен менчиктештирүү лоону жактырды. ROX Group жан TNG Global Foundation company 55,73 га жер тилкеси менен сатып алуу ниеттенишет. Алар мектептер, балдар бакчалары, жолдор жана парктар куруу боюнча милдеттенмелерди алды. Жалпы инвестициясы жылына 145-150 миллион доллар.

Асанбай сейил багынын учурдагы абалы жана куруучулар тууралуу маалымат (видео)

Бишкектин Асанбай парктары бузулду киин жаны аттракциондор менен заманбап эс алуу парктары куруу пландалган. Бирок азыркы учуп курулуш иштери башталып жок, аймак жалаң гана тосмо менен жабылган.