
«Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз-Орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны башталды
Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясында Кыргыз-Россий өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйыны башталды. Жыйын Кыргыз Республикасынын өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн орун басары Алексей Оверчуктун жетекчилигинде өтүп, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланат. Жыйынды жыйынтыктоо боюнча протоколго кол коюу күтүлүүдө.







