Бишкекте "Манас" аэропортуна баруучу трассада мыйзамсыз жарышка катышкан BMW унаасынын айдоочусуна 15 миң сом айып салынды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясы мыйзам бузууларга активдүү чара көрүп, жарандарды мындай окуялар тууралуу билдирүүгө үндөйт.
Ысык-Көлгө кирип кеткен Tesla Cybertruck унаасынын айдоочусуна автобейбаштык үчүн айып салынды. Окуяны жергиликтүү тургундар видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялашты. Айып пулдун көлөмү 15 миң сомду түзгөн.
Бишкекте мас абалындагы айдоочу менен анын жүргүнчүсү "Токто" деген буйрукка баш ийбей, милиция менен мушташа кетти. Куугунтуктун жана физикалык күч колдонуунун натыйжасында экөө тең кармалып, алкоголдук мас абалында экспертизадан өткөрүлдү. Айдоочуга мас абалында унаа башкарганы үчүн айып кагазы берилип, жүргүнчү майда бейбаштык үчүн 3 суткага камакка алынган.
Баткен районунун автохолигандык кылган жараны милиция кызматкерлерине кол салды. 25 жаштагы А.З. алкогольдук мас абалда кармалып, убактылуу карма жайына жайгаштырылды. Окуя боюнча териштируу журуп жатат.