Тег ИИМ башчысы Улан Ниязбеков

«Коопсуз шаар» системасы жакынкы аралыкта бүткүл республика боюнча ишке киргизилет, деп билдирди ИИМ башчысы.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Кыргызстанда “Коопсуз шаар” системасын ишке ашыруу башталганын онлайн жыйында билдирди. Ал жол коопсуздугун камсыз кылуудагы кемчиликтерди жоюунун маанилүүлүгүн белгилеп, белгиленген көрсөткүчтөрдү так аткарууга чакырды. Система “Акылдуу шаар” долбоорунун бир бөлүгү болуп калат жана аны өлкөнүн бардык аймагында ишке ашырууну Ички иштер министрлиги координациялайт.

“Ички иштер министри Сузакта шайлоодо кызматкерлерди мыйзамды сыйлоого чакырды”

Ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрүп, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгын жана чараларын талкуулады. Сузак районунда боло турган шайлоодо кылмыштуулуктун алдын алууну күчөтүү, рейддерди уюштуруу жана тартипти камсыз кылуу тапшырмасы берилди.