Тег Илимдер академиясы

Техас университетинин профессорлору Кыргызстандагы мектептерге барат

Texas A&M AgriLife Extension профессорлору 7-октябрдан 11-октябрга чейин Кыргызстандагы мектептерди кыдырып, балдарга багбанчылыктын жана туура тамактануунун негиздерин үйрөтүүгө багытталган Жаш багбан программасына баа беришет. Делегация студенттер жана окутуучулар менен тажрыйба алмашат, ошондой эле программанын жана Moodle билим берүү платформасынын жыйынтыктары менен тааныштырат. Иш сапар билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдеп, келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн программаны иштеп чыгууга салым кошот.