Тег илимдери

Каракол шаарында «Ломоносов мектеби» илимий-окуу комплекси ачылды

Каракол шаарында 2024-2025-окуу жылында иштей турган “Ломоносов мектеби” илимий-окуу комплекси ачылды. Долбоор жергиликтүү бийлик тарабынан колдоого алынып, облустун билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга багытталган. Мектеп буга чейин 258 окуучуну кабыл алып, чет тилдерин жана табият таануу илимдерин тереңдетип окутуу менен заманбап программаларды, ошондой эле робототехника жана башка багыттар боюнча ийримдерди сунуштайт.