Чүй жана Омск облустары кызматташуу боюнча келишим түзүштү
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын IV форуму Омскиде өтүп, ага Кыргызстан жана Казакстан баш болгон бир нече өлкөнүн делегаттары катышты. Негизги көңүл экономикалык, социалдык жана маданий чөйрөлөрдө кызматташтыкты өнүктүрүүгө бурулууда. Форумдун жүрүшүндө эл аралык байланыштарды жана айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү келишимдерге кол коюлду.