Тег имиджин

Кыргызстан Куралдуу кагылышууларда маданий баалуулуктарды коргоо боюнча Конвенциянын Протоколунун катышуучусу болду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Куралдуу кагылышуулар учурунда маданий баалуулуктарды коргоо боюнча конвенциянын протоколуна кошулуу тууралуу мыйзамга кол койду. Бул кадам өлкөнүн маданий мурастарын коргоого жана анын эл аралык имиджин чыңдоого, ошондой эле маданий баалуулуктарды жок кылуунун жана уурдоонун алдын алууга багытталган. 1500дөн ашык эстеликтери жана 68 музейи бар Кыргызстан маданий баалуулуктарды коргоо боюнча эл аралык процесстерге активдүү катышууга умтулат.