Кыргызстанда инфузиялык эритмелерди жана ампуладагы инъекцияларды чыгаруучу биринчи завод ишке кирди
Кыргызстанда эл аралык GMP стандарттарына жооп берген стерилдүү дары-дармектердин импортту алмаштыруучу биринчи өндүрүшү ачылды. Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 7,7 миллион долларга курулган завод жылына 18 миллион флакон жана 5,7 миллион ампуланы чыгарып, өлкөнүн саламаттыкты сактоо муктаждыгын толук камсыздай алат. Бул заманбап технологиялардын аркасында продукциянын жогорку сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуучу фармацевтика тармагы үчүн маанилүү кадам.