Тег Inspiro

Кыргызстандык туроператорлор Париждеги туристтик көргөзмөдө

Парижде “France IFTM-2024” эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат, анда “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын президенти башында турган Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү жайылтууда. Катышуу фонддун жана элчиликтин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Кыргызстандык компаниялар франциялык туроператорлор менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташууга кызыгуусун жана Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо.