Тег интернет коопсуздугу

Жыл башынан бери Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке 160тан ашык кайрылуу келип түшкөн

2024-жылдын башынан бери Кыргызстандын Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигине жарандардан 160тан ашык кайрылуу келип түшкөн, бул былтыркы көрсөткүчтөн бир топ жогору. Негизги маселелер интернетте жана социалдык тармактарда жеке маалыматтардын чыгып кетишине байланыштуу. Телефондук алдамчылык менен күрөшүү боюнча жумушчу топ түзүлүп, балдардын маалыматтарын коргоо боюнча да иштер жүрүп жатат.