Министрлер кабинетинин башчысы: ИДПнын өсүшү акыркы үч жылда 9% деңгээлинде сакталды
Акыркы үч жылда Кыргызстан 9% деңгээлинде ИДПнын туруктуу өсүшүн көрсөттү. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров пандемия жана геосаясий туруксуздук сыяктуу кыйынчылыктарга карабастан, бул жетишкендикке элдин жана бизнестин кошкон салымы зор экенин белгиледи.