Тег ирригациялык

Суу кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште Суу кодексинин долбоору жана аны ишке ашыруу боюнча мыйзам долбоору талкууланды. Депутаттар суу ресурстарын көп пайдалануу нормаларын киргизүүнү, дарыя жээктерин ижарага берүүгө тыюу салууну, чакан суу сактагычтарды куруу зарылдыгын сунушташты. Ирригациялык системаларды реконструкциялоо, айылдарды таза суу менен камсыздоо маселелери талкууланды. Мыйзам долбоорлору биринчи окууда кабыл алынды.

Бишкектиктерге жалпы шаардык ишембиликке катышуу сунушталууда

Бишкекте 14-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө арналган күзгү жалпы шаардык ишембилик өткөрүлөт. Катышуучулар ирригациялык тармактарды, жергиликтүү аймактарды жана шаардык сейил бактарды тазалашат. Мэрия шаар тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакырат.