Фитосанитардык иш-чараларды автоматташтыруу жана документтерди электрондук алмашуу үчүн «PhytoKG» мамлекеттик маалымат системасы ишке киргизилди. GIZ колдоосу менен иштелип чыккан система сертификацияны жана контролду жакшыртат, ошондой эле Кыргызстандын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүн тездетет. Коммерциялык ишке киргизүү 2025-жылдын 1-мартына пландаштырылган.
2024-жылдын алты айында Кыргызстанга 462,2 миллион доллар түз чет элдик инвестиция тартылды, бул 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7,7%га көп. Негизги инвесторлор Кытай, Орусия жана Түркия, инвестициянын эң чоң аймактары өндүрүш жана соода.
2024-жылдын январь-июль айларында Кыргызстанда орточо айлык номиналдык эмгек акы былтыркыга салыштырмалуу 11,1%га өсүү менен 35 миң 621 сомду түздү. Эң көп өсүш соодада, кыймылсыз мүлктө, курулушта жана финансы секторунда байкалган.
Бишкек италиялык белгилуу актер жан режиссёр Микеле Пласидо кыргыз элчилигинде болуп, маданий-гуманитардык кызматташтыкты онуктуруу боюнча суйлошуулерду откорду. Актер Кыргызстандагы кинофестивалдарга катышууга кызыкдар экенин билдирди.