Тег иштеген балдар

Бишкекте мыйзамсыз иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Бишкекте "Орто-Сай" базарында жашы жете элек 5 бала ата-энесине жардам берип жаткан жеринен балдар эмгегин аныктоо боюнча рейд жүргүзүлдү. Балдарга билим берүүнүн маанилүүлүгү ата-энелерге түшүндүрүлдү. Эмгекти эксплуатациялоо фактылары аныкталганда, чара көрүү үчүн, анын ичинде ата-энелик укуктан ажыратуу мүмкүндүгү жөнүндө маалымат көзөмөлдөөчү органдарга жөнөтүлөт.

Бишкекте көчөдө жүргөн жана иштеген жашы жете электерди аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү

Бишкекте көчөдө жүргөн жана иштеген балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз калган 12 жашы жете элек өспүрүм жана 4 иштеген бала табылган. Мындан аркы профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протоколдор түзүлдү.