Кайра иштетилүүчү материалдарды контейнерлерден чогултууга тыюу салынат, деп эскертет мэрия
Бишкектеги контейнерлерден кайра иштетилүүчү заттарды чогултууга тыюу салынып, айып пул салынышы мүмкүн. Шаардагы тазалыкты жана тартипти сактоо үчүн “Өндүрүштүк жана керектөө калдыктары жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу зарылдыгын муниципалдык инспекция эскертет. Эрежелердин бузулушу башаламандык жаратып, борбордун көрүнүшүн начарлатат.