
АКШда жумуштан бошотулган кызматкерлердин саны рекорддук деңгээлге жетти
Бишкекте, 07.11.25. /Кабар/. АКШда искусственный интеллекттин киргизилиши жана чыгымдардын кыскаруы жумуштан бошотуу масштабын кескин жогорулатты. Октябрь айында 153 074 киши жумушсуз калды, бул акыркы 20 жылдагы эң жогорку көрсөткүч. Технология жана складдык секторлордо көбүнчө кыскартуу болду. Жумуш берүүчүлөрдүн жалдоо пландары 2011-жылдан бери эң төмөнкү деңгээлде.








