Кыргызстанда сүрөтчүлөр үчүн сынактык көргөзмө өтөт
Бишкекте Маданият министрлиги менен Сүрөтчүлөр союзу уюштурган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына арналган көргөзмө-сынак өтөт. Бардык жанрдагы катышуучулар кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын чагылдырган чыгармаларды тартуулай алышат. Арыздар 5-ноябрга чейин кабыл алынып, көргөзмө 2024-жылдын 6-ноябрынан 26-ноябрына чейин Улуттук музейде өтөт. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.