Кепилдик фонд ISO 9001 эл аралык сертификатынын ээси болду
Бишкектеги «Кепилдик фонду» ААКсы сапат менеджменти системасын ишке киргизген өлкөдөгү биринчи финансылык уюм болуп, ISO 9001:2015 эл аралык сертификатын алды. Аудиторлор команданын жогорку кесипкөйлүгүн жана стандарттардын сакталышын белгилешти, бул фонддун ишенимдүүлүгүн жана кардарларга багытталгандыгын тастыктайт.