Тег июнь

КР Социалдык фонду 2025-жылдын январь-июнь айларында 31255 жаранга пенсия дайындады

2025-жылдын январь-июнь айларында Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду 31255 жаранга пенсия дайындады. Июнь айында 3379 жаранга пенсия дайындалып, 1283 пенсионердин пенсиясы кайра эсептелди. Пенсия боюнча суроолор үчүн 1202 телефонуна чалыңыз.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пункту күнү-түнү иштөө режимине өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч өткөрмө пункту 2025-жылдын 18-июнунан тартып сутка бою иштейт. Бул жарандар үчүн жайкы туристтик сезондо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Мамлекет ишкерлерди колдоого жарым миллиард сом бөлдү.

Бишкек, 18.06.25. ОАО МКК «Фонд развития предпринимательства» алды 500 миллион сомду уставдык капиталын толуктоо үчүн. Бул каражаттар 8% жылдык чен менен ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө багытталат.

Кыргызстан, Казакстан жана Россия: июнь айында азык-түлүк баалары кандай өзгөрдү?

Кыргызстанда азык-түлүккө баалардын өзгөрүшү байкалган: жумуртка 1,5%, сабиз 1,3%, күн карама майы 0,9% кымбаттап, пияз 2,8% арзандаган. Казакстанда пияз 7%, картошка 3% кымбаттаса, Россияда пастерленген сүт жана май 2,8% кымбаттады.

Сузакта 2010-жылдын июнь окуяларынын курмандыктарын эскеришти.

Сузак районунда июнь окуяларынын 15 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү. Жергиликтүү жетекчилер жана маркумдардын туугандары катышты. Улуттар аралык достукту бекемдөө жана өлкөнүн биримдигин чыңдоо маанилүүлүгү белгиленди.

Ош шаарынын мэриясы Кен-Сай конушун таза суу менен камсыздоону убада кылууда.

Ош шаарынын мэри Женишбек Токторбаев Кен-Сай аймагындагы таза суу менен камсыздоо долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышып, тургундар менен жолугушту. Долбоор июнь айынын аягына чейин аяктап, тургундар толук таза суу менен камсыздалат.