
Адылбек Касымалиев жаштарды Жаштар күнү менен куттуктады
Кыргызстандын премьер-министри Адылбек Касымалиев жаштарды Жаштар күнү менен куттуктап, алардын эмгеги жана өнүгүүгө болгон умтулуусу өлкөнүн келечегин аныктай турганын белгиледи. Жаштардын билим алуу, жумушка орношуу жана коомдук жашоого катышуусу боюнча жетишкендиктери, ошондой эле эл аралык аренада көрсөткөн ийгиликтери Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым кошууда. Мамлекет жаштар үчүн жаңы жумуш орундарын түзүү, турак жайды жеткиликтүү кылуу жана заманбап технологияларды өздөштүрүү боюнча аракеттерди улантууда.








