12-октябрда дүйнө жүзү боюнча Артритке каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул күн коомчулукту артрит жана анын түрлөрү жөнүндө маалымдоо, алдын алуу жана эрте диагностиканын маанилүүлүгүн эскертүү, дарыгерлер, бейтаптар жана коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүү максатында өткөрүлөт. Артрит - бул бир же бир нече муундардын сезгениши, ал дарыланбаса, катуу оорутуп, кыймылдуулукту чектеп, майыптыкка алып келиши мүмкүн. Артритке каршы алдын алуу чаралары - активдүү жашоо, туура тамактануу жана зыяндуу адаттардан баш тартуу.