Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 7-октябрда Азербайжандын тышкы иштер министри Джейхун Байрамовдун чакыруусу менен Түрк мамлекеттер уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Жыйын «Регионалдык тынчтык жана коопсуздук» темасында өтүп, коопсуздук, тышкы саясат жана регионалдык өнүгүү жаатында кызматташууну талкуулоого арналат. Министрлер саммиттин күн тартибин карап чыгып, уюмдун алкагында саясий диалогду бекемдөөгө жана көп тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган документтерди кабыл алышат.