Калининградда Кыргызстандын жарандарына консулдук кызмат көрсөтүлө баштады
Калининградда 25-октябрдан тарта Кыргызстандын жарандары үчүн консулдук кызматтарды, анын ичинде ID-карталарды жана паспортторду берүү боюнча VEF Services тейлөө борбору иштей баштады. Кызматтар алдын ала жазылуу боюнча же ансыз, документтерди тапшыруу үчүн акы алуу менен жеткиликтүү. Долбоор чет өлкөдө консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу максатында ишке ашырылууда.