Күйүүчү майга милдеттүү маркировка киргизилгенден бери Кыргызстанда 105,1 миң тонна бензин жана дизель майы маркаланган. Октябрь айында күйүүчү-майлоочу майларга акциздик салыктын түшүүсү өткөн жылга салыштырмалуу 117,5%га өскөн. 2025-жылдан бери маркасы жок күйүүчү майларды жүгүртүүгө тыюу салынган.
Кыргызстандын Чүй облусунда уруксат документтери жок 13 тонна күйүүчү-майлоочу майларды аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Мыйзамсыз иштерди уюштургандарга кылмыш иши козголду. Тинтүү учурунда 11 тонна бензин жана 2 тонна дизель майы алынган.
Жогорку Кеңештин депутаттары социалдык-экономикалык маселелерди, анын ичинде Батыш автобекетинин көчүрүү, гемодиализ борборлорун ачуу жана күйүүчү-майлоочу майлардын аткезчилигин көзөмөлдөөнү талкуулашты. Ошондой эле өлкөнүн ар кайсы аймактарында инфраструктураны жакшыртуу, жолдорду оңдоо жана социалдык объектилерди куруу темалары көтөрүлдү.
1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын мыйзамдуу жүгүртүүсүн камсыз кылуучу күйүүчү майдын бардык түрлөрүн милдеттүү маркировкалоо күчүнө кирди. Бизнеске бирдей шарттарды түзүүгө жана кара ниет атаандаштыкка каршы күрөшүүгө багытталган долбоордун оператору “Учкун” ААКсы болду. Колдонулган молекулярдык маркер сертификацияланган жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз. Эл аралык эксперттер менен иштелип чыккан программа азыртан эле жигердүү ишке ашырылып, рыноктун негизги катышуучулары тарабынан колдоого алынууда.
Кыргызстанда 2024-жылдын 1-октябрынан тарта бензинди жана дизель майын молекулярдык маркерлерди колдонуу менен милдеттүү маркировкалоо киргизилди, бул мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө жана күйүүчү майдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Канттагы нефтебазада көрсөтүлгөн система бухгалтердик эсептин ачык-айкындуулугун камсыздайт жана керектөөчүлөрдү контрафакттык товарлардан коргойт, ошондой эле акциздик салыкты башкарууну жакшыртат.
2024-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандан 7 миллион 923,3 миң литр бензин экспорттолду. Афганистан 2 миллион 527 мин литр, Өзбекстан 2 миллион 904,1 мин литр жонотулду. Доставка откон жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,3 эсе оскон.