Улуттук банк эки коллекциялык монеталарды түзүү боюнча сынак жарыялайт
Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылга эки коллекциялык монетанын: күмүштөн жасалган “Тушоо кесүү” жана “Эгемендүү Кыргыз Республикасына – 35 жыл” алтынынын эскиздерин түзүү боюнча сүрөтчү-дизайнерлердин сынагын баштайт. Чыгармалар берилген темага жана жогорку көркөмдүк талаптарга жооп бериши керек.