Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,8 миллиард кубометрден ашты
17-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12 миллиард 850 миллион метр кубду түздү, бул былтыркыдан 1 миллиард 240 миллион метрге көп. Ал эми суткалык суткасына суунун агып кириши секундуна 322 куб метрди түзсө, суунун агып кириши 188 куб метрди түзүүдө. Токтогул ГЭСи республикадагы электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда.