Тег күнүнө

Парламентте кыргыз тилин өнүктүрүү жана жайылтуу маселелери каралды

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынын депутаттары кыргыз тилин өнүктүрүү маселесин талкуулап, китеп чыгаруу боюнча мамлекеттик программанын жоктугун белгилешти. Жасалма интеллект жана чыгармачылык аркылуу тилди кеңири жайылтуу боюнча демилгелер көтөрүлгөн. Фракция лидери айтылган көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берди.

Кыргызстанда үч айлык мамлекеттик тилди үйрөнүү башталды

Билим берүү жана илим министрлиги «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 35 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. 2024-жылдын 10-сентябрынан 10-декабрына чейин билим берүү мекемелеринде бир катар иш-чаралар өткөрүлөт, анын ичинде 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүн салтанаттуу белгилөө. Финалдык иш-чара 12-декабрда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн “Сейтек” улуттук борборунда өтөт.