Тег күндүк

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,9 миллиард кубометрге жетти

24-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли 12,9 миллиард кубометрди түзүп, былтыркыдан 1,3 миллиардга көп болду. Ал эми суткалык суунун агып кириши секундасына 344 метр куб болсо, суунун агымы 210 метр кубду түзүүдө. Токтогул ГЭСи Кыргызстан үчүн электр энергиясынын негизги булагы бойдон калууда.