Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт
Бишкекте 17-23-октябрга чейин өтө турган Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүнө даярдык көрүү боюнча жыйын өттү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казань, Москва, Санкт-Петербург жана Минск шаарларында өтө турган иш-чараны сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Маданият министрлигине уюштуруу иштери боюнча көмөк көрсөтүү тапшырылды.