59 жаштагы жаранды издөө иштери БЧКда уланууда
Бишкекте 20-октябрда жоголгон 59 жаштагы жаранды издөө иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары анын кызы жоголуп кеткенин билдиргенден кийин Чоң Чүй каналын кайыктар менен текшерип жатышат. Туугандары ал кишинин телефону аймакта оффлайн болуп калганын билдиришкен.