Кулубаев Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушуп, анын ишинин жыйынтыгын чыгарды. Эки тараптуу мамилелердеги жетишкендиктер жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты бекемдеген маанилүү социалдык долбоорлор талкууланды.