Тег көргөзмө

Кыргызстандык туроператорлор Париждеги туристтик көргөзмөдө

Парижде “France IFTM-2024” эл аралык туристтик көргөзмөсү өтүп жатат, анда “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ААКнын президенти башында турган Кыргызстандын делегациясы өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн активдүү жайылтууда. Катышуу фонддун жана элчиликтин колдоосунун аркасында мүмкүн болду. Кыргызстандык компаниялар франциялык туроператорлор менен жолугушууларды өткөрүп, кызматташууга кызыгуусун жана Кыргызстанга келүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоодо.

Бишкекте “Токио чейин/кийин” сүрөт көргөзмөсү өтөт

Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Япония элчилиги жана Япония фонду тарабынан уюштурулган “Токио чейин/кийин” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө Япония айлыгынын алкагында 1930-жылдардан азыркы күнгө чейинки Токионун тарыхын чагылдырган жапон фотосүрөтчүлөрүнүн 80ге жакын эмгектери коюлган.

Бишкекте Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсүнүн ачылышы болот

12-сентябрда саат 15:00дө Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Аким Турганбаевдин жеке көргөзмөсү ачылат. Сүрөтчү кыргыз элинин этнографиялык кабылдоосун жана салт-санаасын чагылдырган живопись жана графикалык чыгармаларды, ошондой эле тарыхый окуяларды адабий чыгармалардын призмасы аркылуу тартуулайт.

Кыргызстан Гонконгдо өткөн эл аралык көргөзмөдө бал, жаңгак жана мөмө-жемиштерин тартуулады

Кыргызстан Гонконгдо өтүп жаткан “ASIA FRUIT LOGISTICA” эл аралык көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып, тоо балы, жаңгак жана тоңдурулган кургатылган мөмө-жемиштер сыяктуу 30дан ашык продукциясын тартуулап жатат. Бул иш-чара экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бишкекте ата мекендик продукциянын көргөзмөсү: фоторепортаж

Бишкек 31-август Кара-Кыргыз автономиясынын 100 жылдыгына жана Кыргызстан Республикаларынын Тозумдуулук кунуно арналган коргоо-жарманкеси отту. 100don ashyk company oz productsların сунуштап, жергиликтуу автоунаалар, электроника, органикалык азыктар, текстиль жана курулуш материалдары корсетулду.