Тег Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынына катышууда

Санкт-Петербург шаарында өткөн КМШ ПААнын 57-пленардык жыйынында Нурланбек Шакиев укуктук мейкиндикти бекемдөө жана эмгек миграциясынын көйгөйлөрүн чечүү үчүн парламенттер аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал мигранттардын кирүүсүнө массалык түрдө тыюу салуу терс кесепеттерин жана алардын балдарынын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу зарылдыгын белгилеп, бул жаатта кызматташууну күчөтүүгө чакырды.

Нурланбек Шакиев КМШ ПААнын алдыдагы жыйындарында сөз сүйлөйт

Нурланбек Шакиев баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңешинин жыйынына жана 57-пленардык жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербургга жөнөп кетти. Делегациянын курамында депутаттар жана президенттин өкүлү да бар.