Тег К.Асанбек

УКМКнын жетекчилигине кол салууга даярданган Руслан Бостеринский кармалды.

Криминалдык чөйрөдө Рус Коэн деген ат менен таанымал Руслан Бекбоевич Дүйшеев Бишкектен кармалды. Ал К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп, УКМКнын жетекчилигине кол салууну пландаган. Дүйшеев мурда оор кылмыштар үчүн соттолгон, азыр уюшкан кылмыштуу топко катышкан деп айыпталууда. Учурда тергөө иштери уланууда.

Мамлекетке «Детский мир» соода борбору – УКМКнын жанынан 3 кабаттуу имарат берилди

Иликтөөнүн жыйынтыгында Бишкек тигүү фабрикасынан мамлекеттик мүлктү жеке колго мыйзамсыз өткөрүп берүү фактылары аныкталды. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында алдамчылык менен алектенген жаран кармалып, аффилирленген адамдар өз ыктыяры менен мүлктүн бир бөлүгүн мамлекетке кайтарып беришкен. Учурда башка кылмышкерлерди аныктоо жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.