Тег кабар

Москвада БРИКСтин 7-медиа саммити башталды

БРИКСтин медиа саммити Москвада башталып, ага дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 60тан ашык маалымат каражаттары катышууда. Катышуучулар өз ара аракеттенүүнүн туруктуулугун жана технологиялык аспектилерин бекемдөөдө медиа коомчулуктун ролун талкуулашат. ТАССтын генеральный директору адилеттуу дуйнелук тартипти тузуу боюнча аракеттерди координациялоонун маанилуулугун баса белгиледи. Негизги иш-чаралар 14-15-сентябрда өтөт, анын ичинде технологиялык трансформация боюнча панелдик талкуу болот.

“Кабар” КНИАнын директору менен Малайзиянын элчиси кызматташууну талкуулашты

Бишкекте “Кабар” агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Малайзиянын элчиси Илхам Туах Илиас менен кызматташуунун келечегин, анын ичинде маалымат алмашуу, туризм жана халал индустриясын талкуулады. Шерметалиев малайзиялык агенттик менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирди.

Президент ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовду кабыл алып, аймактык коопсуздук жана «Өз ара аракеттенүү-2024» машыгууларын ийгиликтүү аяктоо маселелерин талкуулады. Жапаров коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо үчүн бул иш-чаралардын маанисин баса белгилеп, Тасмагамбетов ЖККУ күчтөрүнүн коркунучтарга жооп кайтарууга даярдыгынын жогорку деңгээлин белгиледи.

Кыргызстан Гонконгдо өткөн эл аралык көргөзмөдө бал, жаңгак жана мөмө-жемиштерин тартуулады

Кыргызстан Гонконгдо өтүп жаткан “ASIA FRUIT LOGISTICA” эл аралык көргөзмөсүнө биринчи жолу катышып, тоо балы, жаңгак жана тоңдурулган кургатылган мөмө-жемиштер сыяктуу 30дан ашык продукциясын тартуулап жатат. Бул иш-чара экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.