Тег Кадамжай

Абсаттар Сыргабаев Кызыл-Киедеги асфальт-бетон заводу менен таанышты

Баткен облусуна барган транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Кызыл-Кыя шаарындагы асфальтобетон заводунун иши менен таанышты. Завод күнүнө 800 тонна асфальт чыгарып, аймактарды камсыздайт.

Кадамжай районунда канал курулушу жана тамчылатып сугаруу тутумунун ишке киргизилиши башталды

Кадамжай районунда жаңы «Ууру-Сай» каналынын курулушу башталды. Бул долбоор 800 га айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыз кылат. Ошондой эле, 200 га жерге заманбап тамчылатып сугаруу системасы киргизилүүдө.

Баткенде аз түшүмдүү жерлер бакчага айланды.

Министрлик дыйкандарды аз түшүмдүү жерлерди натыйжалуу чарбаларга айландырууга чакырат. Молдо-Нияз айылындагы фермер пастбищти интенсивдүү бакка айландырууда заманбап технологияларды колдонуп, үлгү көрсөтүүдө.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы үч өткөрмө пункту күнү-түнү иштөө режимине өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч өткөрмө пункту 2025-жылдын 18-июнунан тартып сутка бою иштейт. Бул жарандар үчүн жайкы туристтик сезондо ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Кадамжай районунун милиция кызматын коргоо бөлүмүнүн башчысы пара талап кылуу боюнча кармалды

Баткен облусунда милиция майору Т.К.А. кол алдындагылардан ай сайын 10-30 миң сом пара талап кылып жүргөнү үчүн кармалды. Ал 95 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кадамжайда чоң пландары бар айыл чарба кооперативи түзүлдү: алча экспортунан агротуризмге чейин

Масалиев айыл өкмөтүндө түзүлгөн "Какыр келечеги" кооперативи сапаттуу дыйканчылык жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталган. Ал жумуш орундарын түзүп, жаштарды айылда кармоону максат кылат.

Баткендик жаш спортчу кыз Азия чемпионатында күрөш боюнча алтын медаль жеңип алды.

Бактыяр Токсонбаев, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, алыш күрөшү боюнча Азия чемпионатында 60 кг салмактагы категорияда 1-орунду алган Бибимарям Абдижалил кызын куттуктап, спорттогу ийгиликтерин каалап, акчалай белек тапшырды.

ОшМУ клиникасында биринчи жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды.

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында алгачкы жолу бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдү. Операция лазердик метод менен аткарылып, пациент жана донордун абалы туруктуу. Клиника заманбап жабдуулар менен камсыздалып, оор операцияларды жүргүзүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын эки аймагынын тургундары Чечме булагын биргелешип пайдаланууну талкуулашты

Баткен облусунда кыргыз-өзбек өкүлдөрү Чечме булагын биргелешип пайдалануу боюнча макулдашып, аксакалдар элдерди диалог аркылуу маселелерди чечүүгө чакырышты.