Тег калкты коргоо

Жогорку Кеңеште “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин ишке ашырууга багытталган “Биологиялык коопсуздук жөнүндө” мыйзам долбоорун кабыл алышты. Мыйзам калкты жана айлана-чөйрөнү биологиялык агенттердин жана биотехнологиялык продукциянын терс таасиринен коргоо үчүн укуктук стандарттарды белгилейт.

Бишкекте туруктуулук жана өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу маселелери талкууланды

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев менен Татьяна Проскурякова жетектеген Дүйнөлүк банктын делегациясынын жолугушуусу болуп өттү. Калкты коргоо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу долбоорлору, ошондой эле өлкөнүн жаратылыш кырсыктарына туруктуулугун жогорулатуу боюнча жаңы экологиялык демилгелер талкууланды.