Тег калкты тейлөө борбору

Кара-Балта шаарында жаңы Калкты тейлөө борбору ишке кирди

Кара-Балта шаарында Свердлова көчөсү, No51а/5 дарегинде жайгашкан жаңы заманбап Калкты тейлөө борборунун курулушу аяктады. Аянты 844 м² болгон борбор 10 өзүнчө бөлмөнү, эки чоң залды камтыйт жана бардык керектүү коммуникациялар менен жабдылган. Мекемеде 15 унаага ылайыкталган унаа токтоочу жай бар, бул зыяратчыларга ыңгайлуулукту камсыз кылат.

Ушул дем алыш күндөрү 7 шаардын калкты тейлөө борборлору аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл ала баштайт

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору 2-3-ноябрь күндөрү дем алыш күндөрү иштеп, аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алат. Калкты тейлөө борборлору жети шаарда саат 9:00дөн 18:00гө чейин ачылат.

Нурланбек Шакиев калкты тейлөө борборлорунун ишмердүүлүгүн сынга алды

Жогорку Кеңештин жыйынында Нурланбек Шакиев Бишкектеги калкты тейлөө борборлорунун ишин сынга алып, жарандар беш-алты саат күтүүгө аргасыз болуп жатканын айтты. Ал кезек күтүү маселесин тез арада чечүү зарылдыгын белгилеп, министрлер кабинетинин катышуусунда учурдагы маселелерди талкуулоо үчүн Өкмөт күнүн өткөрүүнү сунуштады.

Жыл башынан бери дээрлик 97 миң бала “балага сүйүнчү” алды

Бишкек Министрлик 2024-жылдын 9-айында “балага сүйүнчү” программалары аркалуу 388 миллион сомдон ашык каражат болду. 96 минден ашык жаны торолгон баланын ата-энеси бул жардамды алды. Ар бир бала үчүн 4 мин сом, үч жана андан көп баласынын туулгандыгына 50 мин сом берилет. Толомду алуу учун ата-энелер ЦОНго ошол эле жардык абалдын актыларын каттоо органдарынын арыз бериши керек.